<<БЕЙИШКЕ КАРАЙ ЖОЛ>>

Lithuanian is the main language of <<БЕЙИШКЕ КАРАЙ ЖОЛ>> facebook group. It is a CLOSED group. They attracted 9,128 members. So it is a Large group. You can find this group by searching 1539771946267817 on Google, Bing or Yahoo. Last update is on 2015-02-21 18:51:13.

<<Бейишке карай жол>>
Тайпасынын бирден бир максаты башка тайпалардан айырмаланып инсандар ортосунда бир туугандык мамилени чыңдоо жана Исламды кенен жайылтууга, ытмактуулукту бекемдөөгө жана тартипти өтө бекем сактоого жана сахих (ишеничтүу) маалыматтарды гана жүктөөгө үндөйт
Бул тайпага мүчөө болуу үчүн төмөнкү шарттар менен таанышып чыгыңыз:

1. Бул тайпага кошулууңуз үй-бүлөөлүк абалыңызды жакшыртууга ж.а студент болсоңуз окууңузду жакшыртууга тоскоол болбоо үчүн жакшылап ойлонуп көрүңүз!

2. Бул тайпада баарлашуу ж.а түрдүү Ислам сабактары, суроо-жооптор бир гана Абу Ханифа (Имам Аъзам) мазхабы боюнча жүргүзүлөт.

3.Талаш тартыш болгон маселелерди тайпага жазууга уруксат берилбейт!
Бирөө башка бирөөнүн үстүнөн күлбөсүн, шылдыңдабасын жана сөгүнүп сүйлөбөсүн (мейли орусча мейли кыргызча) башка тилде болсода,

4. Талак маселелери жөнүндө суроо берилбейт!
Башка маселе боюнча тайпанын жетекчисине (Умар-Билалга) кайрылсаңыз болот!

5."Уялуу ыймандан"
Аватарда сүрөтүңүз уяттуу болбош керек. Мүмкүнчүлүк болсо өзүңүздүн сүрөтүңузду аватарга койбосоңуз.
Себеби сиздин ачык түшкөн сүрөтүңүздөн ар ким ар кандай максатта пайдалануусу мүмкүн.

6. Бул тайпага кыргыз тилинде гана жазылат, түшүнүксүз ж,а маанисиз сөздөрдү жазууга тыю салынат!

7. Сабак учурунда тайпага башка бир тууганыбыз жазып жатканда сөзүн бөлүп (публикация) жазууга тыю салынат! Бирөөнүн укугу башталган жерде сиздин укугуңуз бүтөт.Ошондуктан созун аяктаган сон жазыңыз! Бирок комментарий жазууга уруксат.

8. Күндүзү тайпага окуялар, хадистер, насаатар, үглүлүү сүрөттөр, сабак болуучу видеороликтер ж.б түрдүү сахих (ишеничтүү) бирок адамдар ортосунда фитна чыгарбай турган маалыматтарды жүктөсөңүз болот. Суроо-жооп маселеси үчүн атайын убакыт ажыратылып кеч Кыргызстан сааты боюнча 21:00 дөн соң берилет.

9. Жеке кыз-жигит болуп таанышууга тыю салынат! Ага карабастан өз билемдик кылсаңыз тайпадан четтетилесиз.
Чынында бул тайпа таанышуу үчүн ачылган эмес!

10. Тайпага кошууга админ гана уруксат берет. Сиздердин ар бир жазган сөзүңүздөр, атайын коюлган адамдардын көзөмөлүндө болот. Ошондуктан ойлонуп жазыңыз!

11, Адамдарга туура эмес нерсени түшүндүрө турган же ортодо фитна (бузукулук) тарата турган сүрөттөрдү, видеороликтерди жүктөөгө тыю салынат.

12. Айтылган шарттардын бирөөсү бузулса сизге бир нече жолу эскертилет ж.а кулак салбасаңыз тайпадан четтетилесиз! Ушул шарттарга макул болсоңуз гана кошо алабыз.
"Макулмун" же "Каршымын" деп жөнөтүү жетиштүү

Жетекчи (админ) "Умар-Билал"